2018-жылы Россиядагы жеке авиация, жакшы жакка өзгөрүш барбы?

Поиск и аренда частных самолетов

Россияда ишкердик авиация рыногу татаал күндөрдү башынан өткөрүп жатат. Жеке каттамдарга талап кайра өсөбү жана Европада жеке каттамдар боюнча жагдай кандай болуп жаткандыгы жөнүндө Франциядагы алдыңкы бизнес-авиация борбору болуп саналган AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясынын директору Виталий Архангельский айтып берди.

itogi 1 - 2018-жылы Россиядагы жеке авиация, жакшы жакка өзгөрүш барбы?

– Виталий Дмитриевич, 2018-жыл AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясы үчүн кандай жыл болду? Ишкердик авиация дүйнөсүндө кандайдыр өзгөрүүлөр болдубу? Декабрь – жылдын жыйынтыктарын чыгаруу убагы…

– Бул жыл кыйын, кичинекей күтүлбөгөн окуялар, кээ бир жетишкендиктер менен өттү. AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясынын жумушу жөнүндө айта турган болсок, баары биз пландаштыргандай эле болду.

– Ушул жылы Россияда жеке каттамдарга талап чукул азайып кеткени чынбы?

Чукул? Андай эмес. Дал Россия жөнүндө айта турган болсо, суроо-талап беш жылдан бери туруктуу түрдө азаюуда. Мисалы, АКШда суроо-талап өсүүдө. Европада болжолдуу бир деңгээлде турат. Ал эми КМШ өлкөлөрүндө – ар түрдүү. Биз Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан жана башка бир катар мамлекеттерге ишенгенбиз. Өзбекстан менен Азербайжанда ишкердик авиацияга кызыгуу күчөөдө. Бизде Россиядан кардарлар көп, бирок AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясы бүткүл дүйнө боюнча иштейт.

– Россияда болуп өткөн Дүйнөлүк футбол чемпионаты ишкердик авиация рыногуна таасир тийгизген жокпу?

– Албетте, таасир берди. Дал ушул жөнүндө айтайын деп тургам. Чемпионат өтүп жаткан учурда Россияда жеке каттамдардын саны кыйла көбөйдү. Бизде да бир нече өлкөлөрдөн буюртмалар болду. Мындай окуя кызыгууну жана коомдук жаңырыкты пайда кылбай коё алмак эмес. Авиакомпаниялар жөнөкөй чартерлердин санын көбөйткөнүнө карабастан, чемпионатка жеке бизнес-джетте жетүүнү каалагандар аз эмес болду.

– Чемпионаттан сырткарычы? Россияда ишкердик авиация рыногу азыр кризисти башынан өткөрүп жатат деп айтууга болобу?

– Биз бул жагдайга оптимисттик көз караш менен карайбыз. Албетте, өлкөдөгү статикалуу саясаттык жана экономикалык абал ишкердик авиация рыногуна оң таасир берген жок. Бирок бул жыл мурдагы бир нече жылга салыштырмалуу ийгиликтүү болгонун белгилей кетким келет, бул бир гана мундиалдан улам болгон жок. Мисалы, сентябр айында Владивостокто Экономикалык форум болуп өттү, ал жакка көптөгөн катышуучулар жеке каттамдар менен барышты. Россияда жана чет өлкөлөрдө ири ишкерлер жана башка биздин VIP-кардарлар барчу мындан башка да маанилүү окуялар болуп өттү. Эреже катары, бизнес-авиацияга болгон кызыгуунун чукул өсүшү ушул сымал иш-чаралар мезгилинде байкалат. Бул жыл бурулуш жыл болуп, кийинки жылдарда бул сектордо бир нече өркүндөө байкалат дегене үмүт бар.

– Мындай оптимисттик күтүүлөр эмнеге байланыштуу?

– Жалпы тенденцияга. Мен буга чейин айтып өткөндөй эле, бул жылы иштин узак туруп калганынан кийин жеке каттамдарга буюртмалар бир аз көбөйдү, бул Дүйнөлүк футбол чемпионатын эске албаганда. Приоритеттердин алмашуусу байкалууда: эгер мурун россиялык жалдоочулар көбүнчө чет өлкөгө учушса, азыр көпчүлүк жабык чартерлер, жөнөкөй авиакомпаниялар түз каттам сунуш кыла албаган, өлкө ичиндеги каттамдарга багытталган.

Балким, экономикалык өсүштүн токтошу да жакшы жакка өзгөрөт, эмне болсо да, ушуга үмүтүбүз абдан чоң. Биздин AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниябыз пайда болгондон бери, ал эми бул он жыл чамасындай мезгил, биз дал россиялык кардарлар менен көп иштештик. Сиз туура байкап кеткендей эле, акыркы бир нече жыл, үстүбүздөгү жылды эсепке албаганда, биз үчүн да, биздин буюртмачылар үчүн да анча ийгиликтүү болгон жок. Бирок мындай жагдай акырындап болсо да, бирок оңолуп баратат, жеке каттамдардын саны өсүүдө жана мындан ары да ушундай болушуна калыс божомол бар.

– Сиз Россияда жеке авиациянын учууларынын географиясы өзгөргөнүн айттыңыз. Андан башка да өзгөрүүлөр барбы?

– Бул – эң башкы жана негизги өзгөрүлүш. Азыркы учурда Россиядагы буюртмачылардын дээрлик жарымы өлкө ичинде учушат. Мындай нерсе мурун болгон эмес. Анын үстүнө Кытайга багыттар көбөйүүдө. Беш жыл мурун көпчүлүк жеке каттамдар Европага багыт алып, Лондон же Париж сыяктуу чоң борбор шаарларга учушса, азыркы күндө көпчүлүк учактар Тяньцзинь, Чунцин, Гуанчжоу, Шеньчжень, Шанхайга учушат… Жеке максаттар боюнча учуулардын азайганы байкалып жатат (азыр сөз Россия жөнүндө гана болуп жатканын эскерте кетейин). Азыркы күндө үй-бүлөлүк саякат же үлпөт той турнеси Россия рыногунда сейрек кездешет. Беш-жети жыл мурун бул сыяктуу буюртмалар кыйла көбүрөөк болчу. Бүгүнкү күндө ишкер адамдар, директорлор же ири компаниялардын кызматкерлери, ири коомдук ишмерлер гана учууда. Ал эми ошол эле Кошмо Штаттарда же Европада мындай тенденция жок: ишкердик жана жеке каттамдардын катышы дээрлик өзгөрбөйт.

Смотрите также:  S7 Airlines открывает новое направление Новосибирск-Самара

itogi 2 - 2018-жылы Россиядагы жеке авиация, жакшы жакка өзгөрүш барбы?

Менин билишимче, Сиздин компания кичи авиация менен да алектенет. Быйыл бул багытта иштериңиз кандай болду?

– Сонун, бирок Россияда эмес. Бул жерде жеңил авиациягы байланыштуу жагдай өтө эле начар. Азыркы учурда анын өркүндөшү үчүн эч кандай перспектива жок, буга авиация боюнча мыйзамдар күнөөлүү. Кичинекей учактар өз потенциалынын кыпындай бөлүгүн гана колдонушат. Европада же АКШда таптакыр башкача. Адамдар «конструктор-учактарды» сатып алышат, кээ бирлери аларды өздөрү чогултуп, гаражында сактап, каалаган жагына учушат. Жакын жайгашкан шаарлардын арасында «аба таксисине», жеткирүүлөрдүн ар кандай түрлөрүнө, аэроэкскурсияларга ж. б. суроо-талап жогору.

Россияда мунун дээрлик баарына уруксат жок! Чектелген байкоочу учууларга, аэроклубдарда жергиликтүү окууларга уруксат берилген, бирок бардык уруксаттарды алгыча учкуң да келбей калат. Верторлётто жүргүнчүлөрдүн каттамын ошол эле авиакомпаниялар сунушташат: бул ыңгайлуулуктары жана жеке мамилеси жок, анын үстүнө атаандаштыктын жоктугунан улам кымбат, стандарттык каттамдар. Ал эми жеке учуу үчүн миң түркүн уруксаттар керек, аларды бербей да коюшу мүмкүн.

– Эмнеге баары ушунчалык жаман?

– Ошол эле экономиканын өсүшүнүн токтошу. Анын үстүнө, балким, бийлик бул жол-жобону жеңилдетип койсо, каалагандын баары эле учуп, авиакырсыктар көбөйүп кетишинен коркот. Бирок ушундай кирешелүү сектордун иштебегени ичти күйгүзөт. Мындан адамдар жакшы акча тапмак. Европада азыр дал ушундай, ал эми Россияда кичи авиация жок сыңары. Мындай абалдын жакын арада өзгөрөрүшүнө да көзүм жетпейт. Биз каалаган максаттарга жеңил учактарды сунуштамакпыз, мисалы Франциядагыдай, бирок бул жерде баары кыйла татаал.

– Демек, Европада мындай буюртмалар көп турбайбы?

– Албетте! Жеңил учактар, мисалы, Испанияда, Италияда, Германияда абдан популярдуу. Францияда вертолёттор абдан ийгиликтүү колдонулууда: экскурсиялар, шаарлар ортосунда аба таксиси же лыжа тебүү курортторуна каттамдар. Кээде вертолёттор конуу аянтчасы бар яхталарга конуу үчүн колдонулат. Кыскасы, бизде, Европада, жеңил аба кемелери үчүн бардык жолдор ачык. Коммерциялык авиация менен алектенген компаниялар аз эмес, ошол себептен ак ниет атаандаштык пайда болот, кызматтардын сапаты жакшырат, ал эми учуулардын «орто таптагыларга» жеткиликтүү болот.

Айта кетсем, эч кандай чатактар жана кырсыктарсыз. Бүт авиациялык мыйзамдар так аткарылат. Менин оюмча, Россияда да өмүрүн тобокелге салып же ушул сымал бузуулар үчүн жазык жоопкерчилигин тартууну каалагандар жок болуш керек. Кичи авиациянын өнүгүшү россиялык ишкерлер үчүн абдан пайдалуу болмок. Жеңил учакты же вертолётту ижарага алуу орто аралыкка учуучу аба кемесине караганда бир кыйла арзан, бирок алар тапшырмалардын түрүн аткара алышат: адамдарды ташуу, ишканаларды текшерүү, жүктөрдү жеткирүү, ошол эле мезгилде эч кимге көз каранды болбойт: керекпи – демек, чалдың, жөнөдүң, такси менен жүргөндөй.

– Айтыңызчы, Россияда жеке учактарды сатып алуу кандай болуп жатат? Силер сатуу менен да алектенесиңер, туурабы?

– Алектенебиз. Бирок Россияда жеке учактарды аз сатып алышат. Дээрлик баары колдонулган моделдерди алышат. Ал эми азыр рынокто пайдалуу сунуштар абдан көп: алар сурамдан ашат, ошол себептен жаңы джеттерге буюртма кылуу кирешелүү эмес.

Аба кемелерин көбүнчө ири ишканалар үчүн сатып алышат, анан башкаруучу компанияны жалдап, аларды ижарага беришет, ошондо иштетүүгө кеткен каражаттарды каптоо мүмкүн. Учактарда көбүнчө кызматерлер учкандыктан, алардын ээлери сатып алууда борттун абалына аз көңүл бурушат, эң башкысы – учуу мүнөздөмөлөрү жакшы, ал эми кеме – ишенимдүү жана коопсуз болсо болду, анын жаңы эмес экендиги эч кимди ойлондурбайт.

Смотрите также:  Авиакомпания Thai Airways отказывается от полётов на Самуи

– Ал эми Европада кандай?

– Ушундай эле, бирок сатуулар көбүрөөк. Ошол эле себептер боюнча негизинен учуу тарыхы бар учактарды сатып алышат. Жаңы учактарга келсек, акыркы убакта аларды жеке буюртма боюнча «нөлдөн» куруу тенденциясы күчөдү. Дал ушул жылы кардарлардан бул сымал чалуулар көп болду, бул рынок тез өнүгөт, сыягы.

– Эмне себептен? Бул узак жана кымбат болсо керек?

– Узактыгы – чын. Бирок акча жагынан авиазаводдон, мисалы, мурунтан бар болгон Bombardier Challenger моделине буюртма кылгандан көрө, көбүрөөк үнөмдөп калса болот. Технологиялар ылдамдык менен мыктыланууда, көбүрөөк үнөмдөөчү материалдар ойлоп табылып жатат. Иштеп чыгууда джеттин экологиялуулугу эске алынат, анткени жыл сайын айлана-чөйрөнү булгоо үчүн көп айып салынып жатат. Учактарды, өзгөчө чоң эмес аба кемелерин долбоорлоо жана куруу улам жеңилирээк болуп баратат.

Андан сырткары, аба кеменин болочок ээси үчүн учактын жеке ал үчүн, анын бардык каалоолорун эске алуу менен жасалышы маанилүү. Ошондой эле, коопсуздук тутумдарынын заманбап болуусу маанилүү, ал эми алар күн сайын жаңыланууда. Ошентип, даяр жаңы вариантка караганда «нөлдөн» курулган долбоордун оң жактары көбүрөөк болуп жатат. Убактылуу каражаттар да сезилгендей көп эмес, анткени белгилүү өндүрүүчүлөрдө буюртмалар бир нече жыл алдыга жазылган болушу мүмкүн. Ал эми эң тез вариант – бул, албетте, колдонулган учакты сатып алуу, – Европада же Түндүк Америкада да бул абдан кеңири жайылган.

– Россия жөнүндө дагы эмнени дей аласыз? Ишкердик авиациянын өнүгүшүнө экономиканын өсүшүнүн токтошу жана авиация жаатыдагы мыйзамдардын өзгөчөлүктөрүнөн башка дагы эмне тоскоол болуп жатат?

– Бул негизги факторлор. Бирок мен аэропорттрго да көңүл бурмакмын. Ишкер адамдар көп учурда стандарттуу эмес чечимдерди издешет, аларга аэропорт жок жерлерде аэропорттор керек. Россияда аянычтуу, кароосуз калган аэропорттор көп.

Жеке учактар үчүн аэропорт деген түшүнүк жок, жана эч качан пайда болбосо да керек. Жадагалса иштеп жаткан аба гавандарында учактарды тейлөө үчүн керектүү болгон объектилердин минималдуу топтому сейрек кездешет: тейлөө борборлору, күйүүчү май куюу комплекстери… Каттамдардын көбөйүшү үчүн авиатүйүндөрү да жетишпейт. Мына АКШда – 15 миң аэродром, Бразилияда – 4 миң, ал эми Россияда миңден бир аз ашат. Көптөй сезилгени менен, алардын жарымы иштебейт, реконструкциялоону талап кылат. Баса, бул да кичи авиациянын өнүгүшүнүн кыйынчылыктарынын бири. Жеңил учактар эми Домодедоводо конмок беле.

– Сиздин компанияңызга кайталы. Бул жыл дагы эмнеси менен эсте калды?

– Биздин 2018-жылдын ноябрь айына туура келген эң башкы жетишкендигибиз – бул ишкердик авиациянын аудити чөйрөсүндө алдыңкы деп табылган Wyvern Ltd уюмуна кошулганыбыз. Бул планда биз Францияда гана эмес, Европа Бирлигинде да мындай кадырлуу мүчөлүктү алган биринчи компаниябыз. ВИВЕРН менен кызматташуу Wingman жогорку стандарттарынын аткарылышын түшүндүрөт жана кардарларыбызга коопсуз учууларга кепилдик берет.

Андан сырткары, кардар өзүнө кандай модель туура келерин өзү чечип, каттамды биздин сайт аркылуу ээлей ала турган, учакты онлайн издөөгө жана тандоого мүмкүндүк берген уникалдуу тутумубуз жигердүү иштөөдө. Азыркы буюртмачылар үчүн заманбап маалымат каражатынын кол алдында болушу абдан маанилүү, жана биз аларга мындай мүмкүнчүлүктү берип жатабыз: бизнес-джетти ижарага алуу бүтүмү толугу менен айкын болот. «Өз алдынча» буюртмалардын саны көбөйүп жатат. Бизде башка пайдалуу интернет-кызматтар да бар, мисалы, биздин портал аркылуу керектүү учактын кайсы жерде экенин, жолдун кайсы чекитинде баратканын байкоого болот. Же керектүү каттамда Empty Legs учактары бар же жоктугун бат текшерүү мүмкүн.

Ошондой эле, биздин AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниябыз медициналык ташуулар чөйрөсүндө алдыңкы орунда келе жатат…

itogi 3 - 2018-жылы Россиядагы жеке авиация, жакшы жакка өзгөрүш барбы?

– Оорулууга бортунда оорукана палатасы бар атайын учакты сунуштообу?

– Ооба, дал ошондой. Бул жылы бул сектордо кызматтарды «ачкычка чейин»  буюртмалоо тенденциясы байкалды. «Ачкычка чейин» – бул, мисалы, биз жөн гана керектүү учакты таап гана эмес, дарылануунун бүт процессин уюштурганыбыз болуп эсептелет: оорукана менен келишим түзөбүз, трансферди, анын ичинде жер үстүндө жүрүүчү траснпорт менне да трансферди толугу уюштурабыз, реабилитация үчүн турак жайды ижарага алабыз, тейлөөчү персоналды жалдайбыз. Көбүнчө бул кызматтан чет өлкөгө төрөгөнү келген аялдар пайдаланышат.

Смотрите также:   Минтранс подержал инициативу освобождения авиации от НДС

Бул жылы медициналык ташууларды негизинен Европанын ичинде буюртма кылышты, кеп атайын аба кемелерин жана бортто медицина кызматкерлерин сунуштоо жөнүндө гана болду. Муну түшүндүрүүгө толук мүмкүн: чет өлкөлүккө башка өлкөдө багыт табуу кыйын, ар бир суроо боюнча жардамчы керек, ал эми жергиликтүү адамдар мындай кыйынчылыктарды сезишпейт.

Ошондой эле, биз ушул жылы жүк авиациясын өнүктүрүүгө жана жеткирүү кызматтарын илгерилетүүгө чоң басым жасайлы деп пландаштырганбыз. Биз дал ушуну менен алектендик, бир нече ийгиликтүү келишимдерди түздүк, эми бул багытта мындан ары да активдүү иштөөнү көздөп жатабыз. Буюмдарды, азык-түлүктөрдү, товардарларды, документтерди аба жолдору менен жеткирүү бардык ар убакта жана ар бир өлкөдө актуалдуу. Биздин милдет – кардарларыбызга кызматташтыктын башка компанияларга караганда пайдалуураак шарттарын берүү. Кедээ жөн гана AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясы бул багытта иштешин айтуу керек болот, анткени ишкердик авиация көпчүлүгүндө бир гана өзгөчө ыңгайлуу шарттардагы жүргүнчү каттамдар менен байланыштырылат.

– Чынында эле жүк ташуучу учактар абдан чоң элестетебиз…

– Бирок буюмдарды жеткирүү үчүн дайыма эле ири авиалайнерлер талап кылынбайт. Көбүнчө жүргүнчүлөрдү ташыган стандарттуу джет эле жетиштүү. Болгону, аларда буюмдар, азык-түлүктөр, же, мисалы, жаныбарлар өзүнө ыңгайлуу абалда болушу үчүн атайын шарттар түзүлөт.

– Сизди бул жылы өтө таң калтырган бир нерсе болдубу?

– Өтө таң калтырган нерсе – жок, бирок туташтырылган саякат кызматына талаптын өсүшү мени таң калтырды. Бул жөн гана учакты таап берүү эмес, татаал трансферди уюштуруу: мисалы, жалдоочу учак менен Ниццага келет, аны ал жерден вертолёт алып кетет, яхтага жеткирет, яхта Сардиниянын жээктерине келет, ал жерде кардарды лимузин күтүп турат, андан соң кайра яхта – Корфага, ал жакта эмнегедир мотоцикл жана ат-араба керек… Ушундай жөнөкөй эмес саякаттарды сүйүүчүлөр табылды, алар биз ойлогондон көп экен. Чынында мындай «көп тепкичтүү» трансферди уюштуруу оңой эмес, анткени мындай трасферге буюртма кылган кардарлар – абдан бай адамдар, аларга баары кынтыксыз болуп, ашыкча мүнөт күтпөө абдан маанилүү. Абалды оорлонткон нерсе – даяр чечимдин жоктугу: ар бир учур индивидуалдуу. Бирок эч нерсе эмес, күчүбүз жетип жатат.

– Кийинки жылга пландарыңыз барбы?

– Албетте, пландар көп. Ишкердик авиациянын мүмкүнчүлүктөрү чексиз, болгону ушул ойду кардарларыбызга жеткирип, кызматтарды жеткиликтүү кылуу керек. Долбоордо – жаңы интернет-сервистерди, атаандаштыкка жөндөмдүү башкача сунуштарды ойлоп табуу, бир нече кошумча кеңселерди ачуу, пайдалуу өнөктөштөрдү издөө, айрым адистерди окутуу жана эр аралык аттестациядан өткөрүү, арзандатуулардын автоматтык тутумун түзүү. Ошондой эле, биз үчүн башталган долбоорлорду аягына жеткирүү, жаңы бүтүмдөрдү түзүү, кардарларыбызды сапаттуу колдоону улантуу, бардык негизги каттамдарды илгерилетүү жана өнүктүрүү абдан маанилүү. Мунун баарынын артында – ар бир туруктуу жана өнүгүп келе жаткан компанияда болуусу зарыл болгон, чоң жумуш жатат.

itogi 4 - 2018-жылы Россиядагы жеке авиация, жакшы жакка өзгөрүш барбы?

– Россияда ишкердик авиация кызматтарын мындан ары да илгерилетесизби же жакшыраак убакытты күтөсүзбү?

– Албетте илгерилетебиз. Россия биздин приоритеттүү багыттарыбыздын бири болуп келген жана боло бермекчи. Биз жеке учактар жеткиликтүү болуп, россиялык ишкерлерге, илимий жана коомдук ишмерлерге чынында маанилүү маселелерди чечүүгө жардам беришине аракет кылабыз.

Маекти көз карандысыз журналист Николай Данилов алып барды.